КЕСИП АЛСА, КАН ЧЫКПАГАН
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Зыкым, сараң, колунан эч нерсе чыкпаган, катуу баш. Кесип алса, кан чыкпаганына Эдигенин көзү жетти (Осмоналиев). Бул жамандан кесип алса, этинен кан чыкпайт көрүнөт? (Сыдыкбеков).